Орусияда террорчулукка шектелген эки адам өлтүрүлдү

Москванын түштүгүндөгү Владимир облусундагы атышууда террорчулукка шектелген борбор азиялык эки согушкер жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Орусиянын Коопсуздук кызматына таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматтарга ылайык, 26 жана 30 жаштагы эки адам колго түшүп берүүгө көнбөй, Коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө каршы ок чыгарганда өлтүрүлгөн. "Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, шектүүлөр эл аралык террордук топтор менен байланышта болушкан жана Орусиянын аймагында террордук кол салууларды уюштурууга даярданып жатышкан. Коопсуздук кызматкерлеринин арасында жабыр тарткандар жок. Ыкчам иликтөө иштери жүргөн жерде жардыруучу зат даярдоочу буюмдар, АК-74 автоматы, Макаров тапанчасы жана ок-дарылар табылган", - деп жазышат басылмалар.

Орусияда террорчулукка шектелген эки адам өлтүрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
OMURBEK.
2017-04-20 16:02:28
куйдурду ушулар
+1
Neovo_777
2017-04-20 16:02:47
[moderated]дер кыйратты! канча адамдын ырысына чычты кыйла эле кысым болуп атат, мен регистрациям да даяр болбой атат имиш имишге караганда фмсте жасабайтат имишго
+5
Sardarakam
2017-04-20 16:21:08
Мен өзүмө ишенем мен Атеистмин деп ким айталат.
Дүйнөнү Исламистер эмес атеисттер өнүктүрүп жатат. ?
0
Real_mir
2017-04-20 20:08:42
Sardarakam,ислам менен атеистин илимин бираз салыштырсан болмок.
+4
pixduel1
2017-04-20 17:14:12
Бардык болуп жаткан окуялар кумон жаратат, эмнеге Москвада жардыруу же терористик нерселер болсо эле куноолу болуп сразу кыргыздар , чечендер, кавказдар деп чыгышат? Бул жерде бир нерсе бардай, себеби шектуу деп башында сакалчан башка адамды куноолоп киришкен, андан сон казак деп чыкты акыркы куноону кыргызстандан деп жатышат. Причем бул жерде биздин олко?! Эгерде анын жарандыгы Россия болуп жатса !эмнеге анын жарандыгы киргизия эле деп какшап атат?!
+5
kamchatka
2017-04-20 18:41:26
Олтуруп анан жанына жанагы нерселерди таштап койдуда болбосо каршылык кылып жатканын деле видиого тартмакда!
+3
Mederbek0707
2017-04-20 21:15:23
Бул да саясатда митик пикетдерден адаштуру ойюуну
0
Azatbek83
2017-04-20 23:19:48
Жалган метрода бунусуда постановка [moderated]дан чыктыго питердеги жардырууну постановка обман деп карап коргуло очургончо Новальнийге ответ митинг кылбасын деп!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан