Панфилов районундагы окуучулардын мушташы боюнча кылмыш иши козголду

Панфилов районундагы окуучулардын мушташы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

ИИМдин маалыматына караганда, мушташ 14-апрель күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Панфилов районунун Кайыңды шаарында болгон.

"14-апрель күнү саат 09:00дө Панфилов районунун аймагындагы орто мектептин 11-классынын окуучулары жалпы Республикалык тест тапшыруу үчүн Кайыңды шаарындагы №1-орто мектепке чогулушкан. Тест тапшырып бүткөн соң окуучулар таркап кетишкен. Болжол менен 14:00 чамаларында эки окуучу баланын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал урушка айланып, алардын тарапташтары да бул урушка аралашып кетишкен. Жыйынтыгында беш окуучу ар кандай жаракаттар менен Панфилов районунун аймактык ооруканасына кайрылышкан", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

Мушташтын кесепетинен 16 жаштагы Ш.А., 18 жаштагы С.К., 16 жаштагы А.А., 18 жаштагы А.А. жана 18 жаштагы Б.К. жабыркап, алардын ичинен эки окуучу ооруканага жаткырылган.

Азыркы тапта чогулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин жергиликтүү тургун Кайыңды шаарында Жалпы республикалык тест тапшырып жатышкан мектеп окуучулары мушташып, 3 бала ооруканага түшкөнүн билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
patriot-bala
2017-04-20 16:43:00
Эскертүү бериш керек эле, ата-энени тоношот эми, чоң чоң саясатчыларга кылмыш ишин козгошсунчу көрөлү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан