"Вечерний Бишкектин" мурдагы ээсине каршы кылмыш иши боюнча тергөө аяктады

Каржы полициясы "Вечерний Бишкектин" мурдагы ээси Александр Кимге каршы кылмыш иши боюнча тергөөнү бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Ким өзү билдирди.

Анын айтымында, Каржы полициясы ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 2 беренеси боюнча айып такты. "Биринчи күнөө "коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча. Ага ылайык, адам 1 жылдан 3 жылга чейин камалат. Экинчи күнөө "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" беренеси боюнча. Ага ылайык, адам 5 жылдан 8 жылга чейин кесилет", - деди Ким.

Мындан тышкары ал аталган кылмыш ишине анын адвокаттары кошкон 42 документтин бири да эске алынбаганын билдирди. "Учурда биз тергөө тобуна карата кылмыш ишин козгоо боюнча прокуратурага документтерди даярдап жатабыз", - деп кошумчалады Ким.

Айта кетсек, 2017-жылдын 17-мартында саат 18:30 чамасында Каржы полициясынын өкүлдөрү А.Кимди суракка алып кетүү үчүн анын үйүнө келишкен. Бирок Кимдин жакындары жана кесиптештери Каржы полициясынын бул аракети мыйзам бузуу экенин айтышып, мекеменин өкүлдөрүнө бөгөт коюшкан. Жыйынтыгында Ким 22-мартта саат 14:00дө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка баруу тууралуу милдеттенме жазган. Белгиленген күнү ал суракка барып келген.

Александр Кимдин айынан көп жылдык кирешеден куру калганын айткан Александр Рябушкин 2015-жылы өз пайдасына Александр Кимден 388 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Сот ал талапты канааттандырган, бирок Кимдин мүлкү жок болгондуктан аталган сумма табылган эмес. Рябушкин анын ордуна Кимге таандык акцияларды өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырып, Рябушкин “Рубикондун” 100 пайыз ээси болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан