Кечээ, 20-апрель күнү саат 19:20 чамасында Бишкектеги Жибек жолу жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес Бенц 609 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа өрттөнүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.
"Өрт тууралуу маалымат 19:20 чамасында келип түшкөн. Ошол замат өрт өчүрүүчүлөр чыгып кетишип, саат 19:36да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен унаанын кыймылдаткыч бөлүгү, кабинасы жана эки дөңгөлөгү күйгөн. Кырсыктан жабыр тарткандар болгон жок", - деп билдиришти ӨКМдан.