Бүгүн, 21-апрелде эртең мененки саат 06:42лер чамасында Чүй облусунда жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө Арпа-Тектир айылында – 4,5 балл, Кегети, Пригородное айылдарында – 4 балл, Токмок, Кемин шаарларында – 3 балл, Ивановка, Кант, Бишкек шаарларында - 3 баллга жеткен. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.