Чаткал районундагы Исфана суусуна 62 жаштагы жаран агып кетти

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кечээ, 20-апрелде саат 12:13 чамасында Чаткал айыл аймагына караштуу Ак-Таш айылынын тургуну 1955-жылы туулган Аширов Салибай (Беш-Арал коругунун кызматкери) 12 атчан менен коруктан кайтып келе жатышып, Исфана суусунан атчан өтүүгө аракет кылып, сууга агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Суунун агымы тез болгондуктан бирге бара жаткан адамдар куткара албай калышкан. Исфана суусу болжол менен окуя болгон жерден 500-600 метр аралыктан кийин Чаткал дарыясына кошулат.

"Беш-Арал коругунун кызматкерлери 12 адам жана жергиликтүү тургундардан 20 адам өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн. Окуя болгон жерде байланыш болбогондуктан караңгы киргенде издөө иштерин токтотушуп, ӨКМнын райондук бөлүмүнө кечки саат 20:30 чамасында кабар беришкен. Саат 23:32де Өзүнчө куткаруу отрядынын 9 куткаруучудан түзүлгөн ыкчам тобу окуя болгон жерге издөө иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.

Издөө иштери бүгүн, 21-апрель күнү улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Begimai85
2017-04-21 11:58:11
Жаман болгон турбайбы жаткан жери жайлуу болсун
0
RusMos76
2017-04-21 12:39:01
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
ali1995
2017-04-21 13:18:09
Исфана деген дарыя,баркенин эми уктум
+1
mirsapar
2017-04-21 14:34:38
Куткаруучулар 9 адам келди 21 апрелде саат 10-11 лер чамасында издоо учун айыл тургундарынан 1 адам кошулуп жол корсотуу учун чаткал дарыясынын жээги менен жоноп кетишти. суунун колому чон.
+1
Fantastika
2017-04-21 15:50:34
Исфара дарыясы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан