Чүй облусундагы жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 20-апрель күнү Токмок-Шамшы унаа жолунда болгон. Анда Мазда Кронос үлгүсүндөгү унаа коктуга тоголонуп кеткен. Натыйжада унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болушкан. №21-өрт куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.