Сокулук районунда тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам бир адам түтүнгө ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат саат 04:03 чамасында келип түшкөн. Анда Сокулук айылындагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыкканы айтылган.
"Турак үйдүн бир бөлмөсүндө жумшак эмерек, төшөнчүлөр түтөп күйгөн. Натыйжада батирде жашаган 1989-жылы туулган А.К. түтүнгө ууланып, Сокулук райондук ооруканага "Тез жардам" аркылуу жеткирилген. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон", - деп билдиришти ӨКМдан.