Бишкектин Чүй менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Оор жүк ташуучу унаа Хонда Стрим үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен сүзүштү.
Күбөлөрдүн айтымында, жүк ташуучу унаа узун болгондуктан бурулууга ыңгайсыз болгон. Мындан улам кырсык орун алган. Ошондой эле Хонданын айдоочусу өз убагында унаасынын ылдамдыгын азайтып калууга жетишип, эч ким жабыркаган жок.