2 окуучуну сүзүп кеткендер табыла элек

Бүгүн, 21-апрелде Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде 2 окуучуну сүзгөндөр табыла элек. Бул тууралуу Бишкек шаардык патрулдук кызматынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев SUPER.KG порталына кабарлады.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары сүзүп кеткен унаа Селекция айылында табылганын жазышкан. Бул маалыматты Таалай Бугубаев төгүндөп, күбөлөр унаа Селекция айылын көздөй бет алганын айтышканын билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, саат 14:15те жана 14:30да ооруканага түшкөн балдар 2007-жылкылар.

"М.Э. башынан жаракат алып, сол далысы сынып, курсак бөлүгүнүн ич жагы айрылган болушу мүмкүн. Ал эми С.А. аттуу бала баш мээсинен катуу жаракат алган. Омурткасынын моюн жагы сынган болушу мүмкүн. Сол саны менен курсак жагынан катуу жаракат алган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alixan-Nookat.2015
2017-04-21 18:46:26
Бул жаңылыкка тушунбодум мени кечирестер 2-7-жылкылар, ич жагы жарылган болушу мүмкүн, омурткасынын моюн жагы сынган болушу мүмкүн дейт так маалымат жокбу?
0
nurbekasr
2017-04-21 18:49:22
Акмак десе окуучуларды сүзүп качып кеткен бекен айдоочу?номуру түшүп калган болсо табыш оңой эле.Бечара байкуш балдар жакшы болуп кетишсин эми.
+1
KGstan1981
2017-04-21 19:38:30
Мына даже Душанбеде жолдордо видео байкочу камералар орнотулуп ал олкодо ДТП азайган.Ал эми биздечи Атамбаев жана анын командасы 6 жылдан бери бизге жомокторду айтып журот.Жолдорго камера орнотушкан жок.Уят Атамбаевке.Уят Пр.министирге.Уят ИИМге.Уят КСДПга
0
azimova90
2017-04-21 19:39:20
Эсен аман жакшы болуп кетишсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан