21-апрелде Бишкекте эки мектеп окуучусун сүзүп, качып кеткен деп шектелген айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шектүү 1988-жылы туулганы, Бишкектин тургуну экени аныкталды. Экспертиза аныктагандай, кармалган учурда айдоочу мас абалда болгон. Суракта ал күнөөсүн моюнуна алган.
Айдоочу: - Ош базары тараптан келе жаткам. Досумдан карызга акча алмакмын. Гагарин көчөсү менен келе жатып Чапаев көчөсүнө бурдум. Тезирээк барыш керек эле. Ошол учурда өзүмдү жоготуп койдум да сүзүп кеттим. Досума жеткен жокмун. Кайда барганымды билбейм. Өзүмө келсем Киркомстром жакта экенмин.
Тергөөчү: - Унаада жалгыз белең?
А.: - Ооба, жалгыз болчумун.
Т.: - Эмнеге качып кеттиң?
А.: - Шок болуп кеттим. Эми өзүмө келе баштадым.
Т.: - Мас эмес белең?
А.: - Мас эмес элем. Кийин өзүмө келгенде досума чалдым. Келгенде пиво алып бер дедим. Анан ичтим.
Т.: - Өкүнөсүңбү?
А.: - Ооба. Кантип өкүнбөйүн.
Т.: - Артыңдан Патрулдук милиция кууду беле окуя болгон учурда?
А.: - Эч ким кууган эмес. Артымда башка унаалар келе жаткан.
Ички иштер органдарынын өкүлү Ажыбек Майназаров шектүүнүн айынан эки жыл мурун бир адам каза болгонун айтты. "Эки жыл мурун да бир адамды сүзүп кетип, ал каза болгон эле. Анын сөөгүн жерге берүү иштерине акча бергенде каза болгон адамдын туугандары кечиришкен экен. Окуя Киркомстромдо болгон. Айдоочу болсо алдынан мас адам чуркап чыкканын, караңгыда аны көрбөй сүзүп кеткенин айткан. Аны бүгүн дароо тааныдым. Туугандарына бериш үчүн кредит алган экен. Аны азыр дале төлөп бүтө элек экен", - деди Майназаров.