Орусияда 17 жаштагы өспүрүмдүн огунан Кыргыз жараны жаракат алды

21-апрель күнү кечинде Орусиянын Хабаровск шаарында өспүрүм Федералдык коопсуздук кызматынын аймактык бөлүмүнүн имаратына кол салып, 2 адам каза тапты. Бири аталган мекеменин кызматкери, экинчиси ал жерде жумуштары менен жүргөн катардагы жаран. Дагы бир адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, жаракат алган адам Кыргыз мамлекетинин жараны Талант Жумаев. 1980-жылы туулган Жумаев аталган мекемеге котормочу катары чакырылганы белгилүү болду. Кыргыз мамлекетинин Хабаровск шаарындагы консулу мекендешибиз жаткан ооруканага барып, абалын көрдү. Оорукана кызматкерлеринин билдиришинче, Жумаев азыркы учурда жандандыруу бөлүмүндө. Абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Күч кызматкерлери тарабынан куралчан өспүрүм жок кылынды. Ал Хабаровск аймагынын 1999-жылы туулган тургуну болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Ashygym
2017-04-22 13:00:16
Азыр кайсы жерде эмне болбосун, таш ыргытса эле кыргыздардын башына тийчуу болдуго!
+33
abdillaevna-96
2017-04-22 13:37:42
Ashygym,
+басам деп атып -басылып кетти
+4
adi_ko.kg
2017-04-22 13:08:17
Кайсы жакта болсокда тынч бололу
+13
Adil706070
2017-04-22 13:45:17
Эгер ошол аткан бала кыргыз жараны болгондо террорист деп дун болмок.озулорунун жараны болгон учун андай создор козголбойт.
Олкобуз алсыз болгон сон,бироонун жеринде журсон эмне десе да жараша берет экен да башкалар биздикилерди
+26
KGstan1981
2017-04-22 14:01:48
Adil706070,Туура айтасын мен сага 100% кошулам.Сен айткандай кыргыз жараны б-ндо новостилерден саартан кечке ч-н корсотушот эле.Кечеги метродо озуну жарган жанкечти болсо РФнын жарандыгынан ажыратып эми болсо ал жанкечти КРнын жараны деп атап жатышат.
+13
Salman.eldar
2017-04-22 14:40:52
Adil706070, мен да ушинтип жазайын деп жатсам, силер жазып коюпсунар
+6
jalalabad93
2017-04-22 13:51:29
"жок кылынды" кандай тушнсо болот?
0
KGstan1981
2017-04-22 13:57:19
jalalabad93,Олтурулду дегенди тушундурот.
+4
Aza79mat
2017-04-22 14:06:12
Талант, досум, Алла шыпаа берсин, айыгып кет, көрбөгөндөй болуп кет, досум. Алыста болсоң да кыргыз деп, кыргыз мигранттарына жардам берем деп талпынып турчу элең. Көп жаша. Дуба кылам, дос, айыгып кет.
+14
Firdaus-Muslim
2017-04-22 16:40:42
«Заманыбыз тынч болсо экен».
+3
KANAT85
2017-04-22 22:08:29
Тажик менен өзбектерге кыргыз жаранын алганга женилдик берилип баягы эле шор пешене кыргызбайларга кыйын болго турбайбы, каны кыргыз кыргызтандан кеткен болсо женилдикти жок дегенде ошол тажик менен өзбектердей кылбайбы чон курсактуулар!!! кайран кыргыз же Россияга барып кылмыш кылып терарист болуп келип жатабы???
+2
Rifle_I
2017-04-22 22:08:40
Куралчан өспүрүм жок кылынды. Мусулман адам болгондо "ТЕРРОРИСТ" деп жазылат эле. Кандай гана адилетсиздик.
+5
sonisoni
2017-04-23 12:24:12
Аман эсен айыгып кетсин.Ботон эл ботон жерде боодо кырсыктан Аллахым сакта.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан