Эл аралык Human Rights Watch уюмунун Борбордук Азия боюнча кызматкери Стив Свердловго Бишкекте кол салуу болду. Бишкек ШИИББи кылмышка шектелип 2 жаран кармалганын кабарлады. 21-апрелден 22-апрелге караган түнү саат 1 жарым чамасында белгисиз 3 адам Свердловго үйүнүн короосунда күч колдонуп тономокчу болгон. Кылмышка шектүүлөр Ош облусунун 1998-жылы туулган тургундары.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу териштирилүүдө.
Аталган уюм адам укуктары жаатында иш жүргүзөт.