Бишкекте унаа сүзүп кеткен 2 баланын бирөөсү эсине келе элек

Бишкекте 21-апрелде автоунаа сүзүп кеткен 2 баланын бири эсине келе элек. Маалыматты 22-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бишкек шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековдун билдиришинче, балдар томографиядан өткөрүлдү. Экөөсүнүн тең мээси жабыркаган. Балдардын бири - Эрбол кечээ эсине келгенин, экинчи жабырлануучу Алимбектин абалы салыштырмалуу оор экенин айтат дарыгер. Азыркы учурда балдар оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. "Дарыгерлер балдарды сакайтууга болгон күчүн жумшап жатышат. Ооруканада керектүү нерселердин баары жетиштүү", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кырсык 21-апрелде Бакаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Балдарды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалып, күнөөсүн моюнга алды. Маалыматка таянсак, шектүү 1988-жылы туулган Бишкектин тургуну. Экспертиза аныктагандай, кармалган учурда айдоочу мас абалда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
asil-08
2017-04-22 17:40:31
Ээ кудайым балдар жакшы болуп кетсе экен
+13
Ayida
2017-04-22 17:54:55
Аллахым озу шыпаа берсин!!!
+15
Nusii
2017-04-22 18:07:35
жакшы болуп кетсин!
+9
zhykyo
2017-04-22 18:11:26
Мектептин жанына бирден ДПС тен коюп турса сонун болмок эртен менен анан тушто анан кечинде
+15
KGstan1981
2017-04-22 18:27:44
Жанагы Атамбаевтин кара жашиги б.э КТРКнын жетекчиси Илимди кантип сакайтынар ошентип бул балдарга дагын баар кучунорду жумшаткыла.
+21
pixduel1
2017-04-22 19:31:15
Мен бир нерсеге тушунбойм эмне учун озбектер жашаган кочолордо лежачий полицейский коюп алышкан? Ошону мектептердин жанына же окуучулар отчу жерге койсо болбойбу? Ишенбесенер Сузак районунун жийде айылына кеткен жолду текшерсенер болот сузакта кобунчо озбектер жашайт алар коюп алышкан туш келген жерге! Бироо жарым карайбы озу?
+10
nurbekasr
2017-04-22 20:03:09
pixduel1,Туура айтасын Өзгөндүн паски өзгөнүндө өткөн президенттик шайлоодо Өзбектердин
Көчөсүн асфальттап берген эле,анан ар 200 метрден лежачполиц кылып алган.Баштары жок ошонун кереги бар болсо неге асфальт жасатышат.Быйыл да дамап бергиле президенттик шайлоо болот Өзбектердин махалласин.
+5
pixduel1
2017-04-23 00:30:48
nurbekasr, ооба аларга ушинтип шарт жараткандан эмне пайда эгер озубуздун эл жапа чегип жатса, анын устуно алар салган нерселер мыйзамсыз! Пара аркылуу чечилген иштер ...Эл эле ойлобосо акча учун эч ким куйбой калды...
0
Satana
2017-04-22 22:25:57
pixduel1,
озбектерден биздин бийлик коркуп турат.
озбек лидерлерине жата калып бийлеп берет.
+2
Truelensk
2017-04-22 23:36:07
Satana,сен да коркосунбу?
-1
pixduel1
2017-04-23 00:32:18
Satana, туура ушул нерсени караган адам жок да! Себеби убагында пара алып влган, эми кын этпей отурат ! Мен кайсы регионго иш менен барбайвн журок ооруйт ошондой нерселерди корсом! Кыжырын келет айла жок...
0
nurbekasr
2017-04-22 19:58:12
Аллахым өзүң шыпаа бере көр эки балага,эсен аман эртерээк жакшы болуп сакайып кетсин.Кечээтен бери ойлонуп кыжаалат болгонум ушул эки бала,жакшы болуп кетсе экен деп.Жакшы болуп сакайып кетишсинчи ушул эки бала.
+8
MAB88
2017-04-22 20:57:49
Эч бир энеге баланын оорусун, жамандыгын корсотпосун. Аллах колдоп айыгып кетсин ылайым.
+5
pixduel1
2017-04-23 00:38:33
Негизи дагы бир нерсе бар жан кейиткен, ал да болсо билим беруу жагы! Туштук региондордо бала бакчаларда озбектер иштешет жана озбек тилде суйлойт! Кара-сууда атайын озбек мектептер бар, бирок мамлекеттик кызматтарда алар туугандашып кеткен! Мисалга : бала бакча, больница, мектеп,паспорт стол ж.б эн эле жакпаганы алар ошол документтерге кыргызча ысымдарды озбекче жазып коюшат бул факт! Биз кайда баратабыз...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан