Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-апрель күнү саат 09:00 чамасында Дароот-Коргон айылында көлөмү 16 миң 200 метр куб жер көчкү түшүп, 3 турак үйгө жана 1 мечитке кооптуу абал жаралган.
"ӨКМнын мониторинг департаментинин башчысы, ӨКМнын райондук бөлүмүнүн жана айыл аймактын башчысы, Жарандык коргонуу комиссиясы 22-апрель күнү жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Кооптуу жерде жайгашкан 1 турак үйдүн жашоочулары туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.