«Жыргалаң» көмүр казуучу шахтасында калып калган 2 шахтёрду издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Белгилүү болгондой, 22-апрелде болжол менен саат 17:35 чамасында "Жыргалаң-Дөргөкөмүр" ЖЧКсы иштеп жаткан шахтада кырсык катталып, ичинде 2 шахтёр калып калган. Анда жер алдынан суу ресурсу пайда болуп шахтанын үстү түшүп жабылып калган. Шахтёрлорду издөө үчүн 200дөй адам тартылган. Кырсыкка кабылгандар Кайрат Доргоев жана Азамат Тойматов узундугу 500, тереңдиги 117 метр шахтанын ичинде калышкан.
Жер алдынан чыккан сууну сордуруу үчүн "Кумтөр" ишканасы 2 насос менен иштөөчү топту жиберип, Ысык-Көл облусундагы ӨКМнын башкармалыгынын суучулдары иш алып барууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктын келип чыгуусуна техникалык коопсуздукту сактабагандык себеп болгон.