Бишкекте чет өлкөлүк жаранды тоноого аракет кылган эки бала кармалды. Мындай маалыматты Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 22-апрелде Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана Ички иштер министрлигинин алдындагы академиянын курсанттары рейд учурунда Ош облусунан келген 19 жаштагы Ш.Д. жана М.М аттуу балдарды кармашкан. Алар Абдрахманов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда Стив Марк Свердлов аттуу АКШнын жаранын тоноого аракет кылышкан.
"Окуя боюнча Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Кармалгандар Чүй ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери уланууда. Учурда үчүнчү кылмышкерди издөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.