"Бишкектин 12-кичи районунда улгайган аялды бычактап өлтүрдү" делинип 17-18 жаштагы балдар кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалым болгондой, 22-апрелде аталган кичи райондо 79 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Р.Т., 1999-жылы туулган Ш.Р. жана И.Д. кармалган. Алардын бири маркумдун небереси экени белгилүү болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, улгайган аялды өлтүрүүнүн максаты тоноо болгон. Бул факты боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүүдө.