Бишкек шаардык милициясы борбор калаада табылган 3 маркумдун өздүгүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
18-январда эртең мененки саат 8:00дөр чамасында Аламүдүн-1 кичи районунун Курулушчулар шаарчасында 11-үйдүн алдынан 40-45 жаштагы азиат түспөлүндөгү эркек адамдын жансыз денеси табылган. Маркумдун кийген кийимдери: боз жана кара түстөгү куртка, кара свитер, көк футболка, көк джинсы, бутунда кара бут кийими болгон.
9-апрелде Бишкектин Жибек жолу-Осмонкулов көчөлөрүнүн кесилишинен жашы 55-60тагы азиат түспөлүндөгү эркек адамдын сөөгү табылган. Анын кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү куртка, кара көйнөк, кара шым жана кара түстүү бут кийим. Бою болжол менен 165 см, орто денелүү, чачын ак аралаган.
29-мартта Айтматов-Жибек жолу көчөлөрүнүн кесилишинен 35-40 жаштар чамалуу азиат түспөлүндөгү эркектин жансыз денеси табылган. Белгилери: көк түстүү куртка, күрөң свитер, кара шым бутунда кара бут кийим болгон. Бою 165 см, арык денелүү чачтары кара.
Бул адамдар тууралуу маалымат билгендер болсо, Свердлов РИИБине кабарлооңуздарды өтүнүшөт.
0 (312) 433275, 0 (772) 052000, 0 (552) 102517, 0 (707) 904433, 0 (773) 398585.