Санкт-Петербургда адамдын органдары менен кармалган студент Кыргыз өлкөсүндө туулган, бирок Орусиянын жараны экени аныкталды

Санкт-Петербургда адамдын органдары салынган куту менен кармалган студент Кыргыз Республикасынын жараны эмес, Орусиянын жараны экени аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган студент - Кыргыз жергесинде туулган 23 жаштагы Кошой Сейдакмат Мечников атындагы Түндүк-Батыш мамлекеттик медициналык университетинде окуйт. Ал өлүкканада прозектор (өлүктөрдү союу менен алектенген адис) болуп 15 жылдан бери иштеген Андрей Петровскийдин тапшырмасын аткарып жатканын айткан. Ал эми Петровский жергиликтүү басылмага берген маегинде кармалган студент менен байланышы жок экендигин, адамдын органдарына тиешеси жоктугун билдирген.

"Санкт-Петербургдагы биздин элчиликтин кызматкери, тийиштүү органдарга кайрылды. Андрей Петровский адамдын органдарын жакшыраак сактоону убадалады. Ал келерки жумада алардын кимге таандыктыгын көрсөткөн документтерди алып келүүгө сөз берди. Тактоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин студент коё берилди", - дешти элчиликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bek.94
2017-04-25 10:54:47
Коё берилген болсо жакшы.
+3
Abdusamat.kg
2017-04-25 11:02:25
Аз болсо да саз болуп Кыргызстандын аты Россияда өтө эле жаңыра баштады . Тынчтык болсун Ааламда
+4
RusMos76
2017-04-25 11:43:40
Жакшы кабар болсо да ушундай жазылат бекен же гражданствосу эле корсотуп калынабы?!
+2
Angel92
2017-04-25 12:04:34
Россия жаман уйронду.Оздорунун жараны болгон сон жоопкерчилик оздорундо да.Бат эле мигранттарга оодара калышат
+12
Rifle_I
2017-04-25 13:59:18
Биз дагы студент болуп жүргөндө сумкаларыбызга салып алат элек. Эч нерсе болбойт.
+4
Han1111
2017-04-25 14:15:39
Атын чыкпаса жер ортто дегендер кобойду го.
+1
Myrzashka95
2017-04-25 14:39:48
Кыргызстанда торолуп Россиянын жарандыгын алган адамдардын ушундай жийиркеничтуу иштеринен улам эмгек мигранттары жаман куурадык да. Метрого же дагы бир коомдук жайлардан орус тайкелерим ушундай бир карайт дейсинер как будто я враг народа. Не удобный положенияда каласын.
+5
Rifle_I
2017-04-25 17:00:06
Myrzashka95,бул жийиркеничтүү иш эмес. Өлүк адамдын органдары трансплантация кылууга жарабайт. Студент болсо, балким окуу үчүн алып бараткан. Агайы да к...... кылып койбой, коргоп койсо болмок.
+2
BarsBaatyr
2017-04-25 15:11:00
Кайсы бир сайттарда органдар Кыргызстандан алынып келе жаткан деп жазылган.Андай болсо бул кимдерге таандык органдар?Деги дайынсыз жоголгондорго тиешелуу эмеспи?Акыркы жылдары жоголгондор аябай эле кобойуп бараткандай го...
-2
Rifle_I
2017-04-25 17:01:35
BarsBaatyr,Кыргызстанда трансплантацияга уруксат бериле элек. Криминалдык трансплантация болушу мүмкүн . Бирок студенттин колундагы орган, өлүктөрдүн органдары. Бир лабараторияга кетип жатканын билдирген бул бала.
+2
Santini
2017-04-26 00:30:58
Бул бала мединститутта окуп анан курьер катары иштечу экен. Ошол кишиге. Это потвердили люди которые с ним работают.. а берки киши,закащчик,негизи оз ишин мыкты билген эксперт экен,фирмасы бар экен но изилдоочу лабороориясы жок болондуктан ар кайсы лаборотрияга барып экспертиза кылчу экен. Питерде частный клиниклаар толтура.. мына ошолор каробкага даярдап курьер келгенде берип жиберишет а курьер тигил киши айткан лабороториГа алып барат.. ну короче цепочка такая...
0
Santini
2017-04-26 00:36:32
Ал эми тигил врачтын баланы тааныбайм дегени,мындай по закону караганда,анын фирмасы закондун кээ бир талаптарын аткарган эмес. Т.е фирма не отвечает по тем критериям, которые такие фирмы должны отвечать. Вот и коркту да закон алдында жооп берищтен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан