Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жер көчкү алдында калып жабыркаган адамдардын бири 24 жаштагы М.у.Ж. каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1962-жылы туулган У.К. аттуу экинчи жабыркаган адамдын абалы дагы деле оор бойдон калууда. Ал башынан жана бутунан жаракат алган.
Эскерте кетсек, 23-апрелде Базар-Коргон районунда суу түтүкчөсүн оңдогону барган сегиз адамдын төртөөсүн көлөмү 300 метр куб жер көчкү басып калган. Алардын экөө каза болгон, экөө оор жаракат алган эле.