Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында дайынсыз жоголгон 6 жашар Бекзат Жанапилов табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына Бекзаттын апасы билдирди.
Анын айтымында, баланы издөө иштери уланууда. "Кара-Көлдүн бардык жерлеринен издеп чыктык. Коңшу айылдардан да издеп жатабыз. Жергиликтүү аймакта "Бекзат табылды" деген туура эмес маалыматтар тарап жатат", - деди жоголгон баланын апасы.
Айта кетсек, 16-апрель күнү түшкү саат 13:30-14:00дөр чамасында шаардын Пойма бөлүгүндөгү 20-үйдөн эшикке ойноп чыгып кеткен боюнча жоголгон. Жакындары артынан 15 мүнөттөн кийин издеп чыгып таппай калышкан. Бою 120 сантиметр чамасындагы сары бала. Ошол күнү кызыл, кара сызыктары бар жемпир, кара вельвет шым, кара спорттук бут кийим кийип жүргөн.
Эгерде кимдир бирөө көрүп калса, Бекзатты издеп жаткан ата-энесине байланышуу зарыл. Байланыш телефондор: 0 (772) 15-88-42, 0 (705) 15-88-42, 0 (772) 15-88-43, 0 (700) 15-88-43.