"Бизге ар бир күн маанилүү, кайсы бир нерсени күтүп, унаа кырсыктарынын болушуна жол берүү мүмкүн эмес", - деди бүгүн, 25-апрелде жарандык активист Айбек Жангазиев маалымат жыйында.
Ал белгилегендей, бизде жол эрежесин бузган айдоочулар тиешелүү жоопко тартылбайт.
"Жол эрежесин бузгандарга чара көрүлбөгөндүктөн, күн сайын 3төн мекендешибизди жол кырсыгынан жоготуп жатабыз. Бир жуманын ичинде 2 баладан айрылат экенбиз, бир айда жол кырсыгынан каза болгон жарандардын саны 100гө жетет. Мындай кырдаалды жөнгө салууда кайсы бир нерсени күтүү мүмкүн эмес", - дейт ал.
"10 миллионго жакын калкы бар Швецияда акыркы жыл ичинде 1 да бала жол кырсыгынан каза болгон эмес, бир жылдын ичинде унаа кырсыктары 80 адамдын өмүрүн алган. Бизде калкыбыз алардан аз болсо да, кырсыктан каза болгондор 15 эсеге көп болуп жатат. Мындай абал көпчүлүк тургундарды майыптыкка да алып келүүдө. 6 айдын ичинде ишке ашырууга мүмкүн болгон "Коопсуз шаар" долбоору жылдан-жылга ишке ашпай келе жатат. Мамлекет өз жарандарын ойлосо бир күндү да текке кетирбеши керек", - деди активист Назира Бейшеналиева.
Активисттер жашоочуларды мамлекеттен коопсуздукту камсыздоону талап кылууга чакырды.
"Бул алардын башкы милдети. Узун кортеждер менен, жолдорду тосуп аткаминерлердин коопсуздугун камсыздоо - кадыресе көрүнүшкө айланып калды", - дешти алар.