Бишкекте Оштун тургуну карыз сураган аялга ишенип, 13,5 миң долларга алданып калды

Бишкекте алдамчылык боюнча шектелип 33 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын тургуну кайрылып, анча тааныш эмес аялга алданып калганын айтты. "Аталган аял "Орусиядан айыл чарба техникасын алууга 13 550 АКШ доллар керек болуп жатат, кайра пайыз үстөгү менен кайтарып берем" деп алдап, акчаны кайтарып бербей койгон. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1984-жылы туулган Мишухей Замира Шариповна аттуу аял кармалды. Ал башка кылмыштарга да шектелүүдө. Эгерде андан жабырлануучулар болсо, Бишкектин Октябрь РИИБине же 0 (554) 102 286, 0 (552) 102 474 номерлерине кайрылууңуз зарыл", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
raykray
2017-04-25 15:05:01
7-8 жыл мурда менинда бир эжем коп акчага алданып азабын ушу кундода тартып жатат, каргыш алдымчыларга!!!
+4
RusMos76
2017-04-25 15:06:58
мишухуй акыркы кундору аттар да озгоро баштады
+5
Suzak12
2017-04-25 15:15:04
Бир жагынан карасан 13550 доллар берип койгон адамдага да тушунбойсун чала тааныш адамга акча берип азыр адамдар бир тууганына зорго берип жатат андай акчаны,бир туруп жинин келсе бир туруп рас болуптур дегин келет.бул менин озумун ойум.
+5
tynara81
2017-04-25 16:37:08
Suzak12,мен да алгач ошентип ойлодум. Бирок, алдамчылар гипнозчу келишет деп уккам. Кантип алданып калганын билбей калган чыгаар.
+2
KUMKA
2017-04-25 15:22:29
Мындай канчыктарды "казыкка" отуругузупп жазалаш керек. Ошондо эсине келет.
+3
Mongol1155
2017-04-25 16:18:58
Кебетеси жаман экен.Мындайга кантип ишенип акча беришкен?
0
Kyrgyz_bloger
2017-04-25 16:26:22
Ушунча акча болсо жарымына машина алып калганына иш баштап жыргап журбойт белем.
0
Ayida
2017-04-25 17:01:18
Мен ишенбеймин.13 мин доллар эмес 13 мин сом беруу кыйын тааныш адамга.100% ишенбеймин. Пастава коралбай кылган
-4
Ayida
2017-04-25 17:02:42
Чала таанышка тем боле беруу кыйын. Бирок акчасы коп айым болсо ишенип берип койгондур кее бир адамга бул акчаны табуу онной ошол учун
+1
RusMos76
2017-04-25 18:09:16
башкаларга сабак болуш учун баштан откон окуяны жазгым келди.бир келин досумдун таанышы болчу бир куну досум ал менен мени жана дагы бир досумду тааныштырды ал укмуш бай экенин билдириш учун бизди кымбат ресторанга андан кийин особняк уйуно алып барып сыйлады ыссык колдо пансионаттарым бар деп баарыбызды ишендирди лексус машинасына отурганда эле ишендим мен. бирок коп отпой эле досумдун меседесин саттырып уктатып кетти.корсо ал машина уй баарын арендага алган экен бизди ишендириш учун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан