Ош шаарында "үч кызды зордуктоого аракет кылды" деген шек менен 1996-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарында жашаган үч кыздан арыз түшүп, аларды белгисиз жаран зордуктоого аракет жасагандыгы тууралуу билдиришкен. Жабырлануучулардын берген көрсөтмөлөрүнөн, сүрөттөөлөрүнөн улам кылмышкер бир эле адам экендиги аныкталган. Кылмышка шектүү адам кыздарды кечкисин, түн киргенде Ош шаарында жайгашкан ресторандарды акмалап жүрүп, жалгыз калган учурунан пайдаланып кол салган.
"24-жаштагы кызга «Мээрим» ресторанынан кол салган, аны зордуктап, 5300 сомун алып кеткен. Экинчи, 19 жаштагы кызга Ош шаарынын «Капитал» ресторанынын артында кол салып, зордуктоого аракет жасаган. Үчүнчү, 27 жаштагы кызга Ош шаарынын «Корзинка» дүкөнүнөн чыгып үйүнө бара жаткан учурда кол салып, тоноого, зордуктоого аракет жасаган", - дешет милициядан.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмыштарга шектүү адам кармалды. Ал Ош шаарында убактылуу жашаган, 1996-жылы туулган, эч жерде иштебеген А. уулу Б. болуп чыкты. Аны жабыркаган кыздар дагы таанышты. Учурда бул шектүү бала убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тергөө иштери уланууда.