Венесуэладагы митингдерде каза болгондордун саны 23кө жетти

Венесуэладагы митингдерде каза болгондордун саны 23кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты.

Аталган өлкөдө президент Николас Мадурого каршы акциялар үч жумадан бери уланууда. Акыйкатчы Тарек Саабдын маалыматына ылайык, баш аламандыкта канча адам жабыркаганы белгисиз.

Эске салсак, буга чейинки митингде 50гө жакын адам полиция менен кагылышууларда жаракат алганы белгилүү болгон. Оппозициянын нааразычылык акцияларын уюштурууга Жогорку соттун президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча чечими себеп болууда. Өлкө бийлиги жарандарды тынчтыкка жана чыдамдуулукка чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ady-88
2017-04-25 17:32:50
Ушул митинг Кыргызстанда болгондо учкунго жетпей бутот эле.
-2
RusMos76
2017-04-25 17:37:33
адилетсиз башкаруу болгон жерде созсуз нааразычылыктар болот.максатынарга жеткиле венесуэлалыктар
+4
Tyn4a92
2017-04-26 11:43:37
Кыргызстанда митинг болбой эле койсунчу.мен лично катышпайт элем.дагы бир митинг болсо кыргызстан чачылып кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан