"Санкт-Петербургда жардырууга буйрутма берди" делген "Абу Салах аль-Узбеки" каймана аттуу Сирожиддин Мухтаров Бишкектеги Кытай элчилигинде терактты уюштурган". Бул тууралуу орусиялык басылмалар Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына жана Кыргыз Республикасынын УКМКсына таянып жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Сирожиддин Мухтаров Бишкектеги аталган дипломатиялык мекемеде терактты уюштурганы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүрөт. УКМКнын маалыматы боюнча, Мухтаров Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 1990-жылы туулган, ал Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөсү. Мухтаров "теракт уюштуруу", "террорчулукту каржылоо", "документтерди жасалмалоо", "кылмыш тобун түзүү", "мамлекеттик чек араны кесип өтүү" боюнча айыпталууда.
Айта кетсек, 2016-жылы 30-август күнү Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазага Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта сүзүп кирип жарылган. Натыйжада жарылган унаанын ичиндеги жан кечти-террорчу каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган. УКМК жардырууга буйрутма бергендер Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жабхат ан Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин билдирип, 5 адамды камакка алган. Ошондой эле 4 адам издөөгө алынган. Издөөгө алынгандардын бири Мубарак Турганбаев интернеттеги социалдык баракчасына билдирүү калтырып, күнөөсүз экенин жазган.