Орусияда Кыргыз жаранынын бычакталып өлтүрүлүшү боюнча тергөө жүрүүдө

Орусияда Кыргыз жаранынын бычакталып өлтүрүлүшү боюнча тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 17-апрелден 18-апрелге караган түнү Москва шаарында болгон. Анда белгисиз адамдар 1967-жылы туулган С.Тны бычактап кетишкен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон.

"21-апрель күнү элчиликтин кызматкерлери ишти тергеп жаткан тергөөчү менен жолугуп келишти. Азыркы тапта иш тергелүүдө. 24-апрель күнү маркумдун сөөгү мекенине жөнөтүлдү", - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Айрым маалыматтарга караганда, жогорудагы кылмышка шектүү катары Орусиянын 3 жараны кармалган. Алар Кыргыз жаранын бычактап, 13-кабаттан ыргытып жиберишкени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
RusMos76
2017-04-26 09:56:25
ХХХ апрель айы жаман озу абайлагыла кыргыздарым такыр баштардан.
+2
Nazikbaigazy
2017-04-26 13:39:11
Саламтыздарбы админ, москвада 6 айлык боюнда бар келиндин олуму боюнча жыйынтык барбы кабар алып берсениздер жакшы болот эле, кундо кирип караймын жазып калабы деп,
+2
admin_portal
2017-04-26 13:48:17
Nazikbaigazy, сунушуңуга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
raykray
2017-04-26 16:05:24
Nazikbaigazy, сонку Кабарда кызыктай болуп баратат, жоголуп денеси табылган бобоктор, Турцияда сабалып озуно келген кыз жонундо, жа сен айткан тема аягына чыкпай жок болуп атат, негизи дагы кооооп темалар
+1
sonisoni
2017-04-27 00:42:09
Алла сактасын баарыбызды.Мындай кабарларды угуп коркупта кетесин.Баарыбыз кор тирилик деп журобуз да чет жерде дипломдор чан басып жатат сандыкта. Кыргызстаныбызда айлык акы жакшы болуп,иш орундары коп болсо бул жакта 1минут да турбайт элек да...
Ишке жарамдуулардын баары эле Россияда.Чондорубуз бийлик талашып оздору менен оздору.Аллахым Кыргыз элимин бешенесине ыймандуу, ынсаптуу элим жерим деген башчы насип кыл Амин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан