Бишкекте 79 жаштагы пенсионердин өлүмүнө шектелгендердин экөөсү СИЗОго киргизилди

Бишкекте 79 жаштагы пенсионердин өлүмүнө шектелгендердин экөөсү эки айга СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун санкциясына ылайык, 2000-жылы туулган Р.Т., 1999-жылы туулган Ш.Р. №1-СИЗОго киргизилди. Ал эми И.Д. үй камагында калтырылды.

Айта кетсек, 22-апрель күнү Бишкектин 12-кичи районунда 79 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Р.Т., 1999-жылы туулган Ш.Р. жана И.Д. кармалган. Алардын бири маркумдун небереси болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, улгайган аялды өлтүрүүнүн максаты тоноо болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RusMos76
2017-04-26 11:06:22
эмнеге уй камагына качып кетсе ким жооп берет, Текебаев менен Жапаров мындан жаман кылмышкерби тескерисинче кылса болбойбу?!
-1
Artur555
2017-04-26 11:56:19
Ии СИЗОдо места бар бекен? Жапаровго места жок дешкен эле? Бул жагы кандай болуп калды? Качан чындык угабыз биздин атка минер сооройлордон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан