ЖЫЛНААМА, 26-АПРЕЛЬ: Чернобыль кырсыгына 31 жыл болду

Мындан 31 жыл мурун, 1986-жылы 26-апрелде "Чернобыль" атомдук электростанциясы кырсыкка учураган.

Украинанын Чернобыль шаарында жайгашкан "Чернобыль" атомдук электростанциясынын төртүнчү реакторун оңдоп-түзөө иштеринин мөөнөтү келгендигине байланыштуу 1986-жылы 25-апрелден тартып анын кубаттуулугу азайтыла баштаган. Ошол убакта мурда 1983-жылдан бери үч жолу колдонулуп, бирок ишке ашпаган экспериментти жүргүзүүнү - турбогенератордун кубаттуулугу азайтылгандан кийин анын инерциялык күчү канчага чейин сакталарын дагы бир жолу сынап көрүүнү чечишкен. Мындан улам авариялык муздатуучу систем өчүрүлүп, кубаттуулук дагы азайтылган. Бирок кубаттуулук пландаштырылгандан да тездик менен өзүнөн өзү азайып, системдер нормадагы чектен өтө ысый баштаганда оператор реактордун кубаттуулугун кайра жогорулатып, авариялык муздатуучу системди кошууга аракеттенет. Бирок ал систем иштебей реактор өтө ысып, темир жабдуулары эрип, 26-апрелге караган түнү саат түнкү 1ден 23 мүнөт өткөндө реактор жарылган. Жарылуу учурунда миң тоннадай химиялык зат күйүп, радиация Украинанын, Беларусь менен түндүк Европанын айрым бөлүктөрүнө жайылып кеткен.

Чернобылдагы кырсыктын кесепеттерин жоюуга СССРдин бардык аймактарынан мобилизацияланган 700 миңге жакын, анын ичинде үч миңден ашык Кыргыз жарандары катышып, ар кандай дозалардагы радиорентгендик нурларга кабылып, алардын бир бөлүгү өмүр бою майып болуп калышкан. Радиорентгендик нурлардан кырсыктан кийинки алгачкы күндөрдө 4-реактордо түздөн-түз иштешкендер өзгөчө көп жабыр тартышып, анын кесепеттеринен 3 айдын ичинде 31 адам көз жумган. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык, өткөн чейрек кылымдын ичинде Чернобылдагы АЭСтеги кырсыктын кесепеттерин жоюуда иштегендерден 5 миңге жакын адам каза болгон.
Бул кырсык Советтер Союзуна материалдык жана моралдык жактан чоң зыян келтирген. Чернобылда 12,5 миң адам жашаса, алардын баары окуядан кийинки 2-3 күндө эвакуацияланган. Андан сырткары 30 чакырымдык радиустагы айыл, кыштактарда жашашкан 115 миң адам башка коопсуз жактарга көчүрүлгөн. АЭСтен зыяндуу заттардын чыгуусун токтотуп, аны консервациялоого жүздөгөн миллион долларлык каражаттар жумшалган. Радиоактивдүү заттар менен булгангандыгына байланыштуу жалпы аянты 5 миллион гектар жер белгисиз мөөнөткө пайдалануудан чыгарылган. СССРдеги, Европадагы долбоорлонгон АЭСтердин курулуштарынын баары токтотулган. 1986-2002-жылдарда Европада бир да АЭС курулган эмес. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандардын майыптарына пенсиялар, калгандарына жөлөк пулдар төлөнөрү каралган. Булардын баары миллиарддаган долларды түзгөн.

26-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Suzak12
2017-04-26 21:08:21
Урматуу супер инфонун администраторлору сиздерден сураныч менин айылымда Чернобыльга барып келген бир аксакал бар мурда окмоттон жардам корсотулуп келген акыркы 10 жылдан бери эч нерсе берилбейт сураштырсам докментерин жоготуп жиберген экен эми кимге кайрылганды да билбейт мен жардам берсемби деп ойлогом бирок менда билбейм кайсыл жака кайрылганды мумкун болсо билип берсениздер.Алдын ала чон рахмат.
0
admin_portal
2017-04-27 08:49:06
Suzak12, 1. Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
2. Сунушуңузга рахмат тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан