Бишкекте "адам өлүмүнө катыштыгы бар" делип, 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-апрель күнү саат 09:00 чамасында Бишкектеги ооруканага 59 жаштагы С.В. аттуу адам келип түшкөн. Ал 18-апрель күнү саат 02:15 чамасында алган жаракатынан улам өзүнө келе албай каза болгон.
"Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Лейлек районунун Т.Ю. аттуу тургуну кармалды. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.