Үч айда өлкөдө миңден ашык жол кырсыгы катталып, 148 адамдын өмүрүн алды

Үч айда өлкөдө миңден ашык жол кырсыгы катталып, 148 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын январь, февраль, март айларында өлкө аймагында 1169 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 148 адам каза болуп, 1686 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Ал эми балдардын катышуусунда 204 жол кырсыгы болсо, анын кесепетинен 8 бала каза таап, 221 бала жабыркаган.

Патрулдук милициядан билдиришкендей, жол кырсыктарына көп учурда унааны жогорку ылдамдыкта айдоо себеп болууда.

Айта кетсек, 2016-жылы үч айда 1033 жол кырсыгы катталып, 187 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан