Бишкекте элдик дарыгердин небереси адамдын өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-март күнү Кара-Балта шаарынын тургуну 42 жаштагы И.Т. аттуу күйөөсүн аракечтиктен арылтуу үчүн Учкун жаңы конушундагы элдик дарыгерге алып барган. 2-март күнү И.Т. кетем деп чыр чыгаргандыктан элдик дарыгердин небереси сабап салган. Жабырлануучу катуу соккудан улам 3-март күнү каза болуп калган.
"Жогорудагы факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган А.Э. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган элдик дарыгерге эч кандай лицензия берилбегенин билдиришти.