Кемин районунда жөө адамды сүзүп, анын өлүмүнө себепчи болгон айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 25-февраль күнү Бишкек-Торугарт унаа жолунун 92-чакырымында болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен 1965-жылы туулган К.Кны сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерде каза тапкан.
"Жогоруда катталган кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү 1994-жылы туулган Т.А. экени аныкталып, Орусияга кетип калганы белгилүү болгон. 25-апрель күнү Т.А. "Акжол унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу Кыргыз Республикасына кайтып келе жатканда кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаасы айып жайга токтотулду", - дейт Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев.