Мирлан Жолдошов, жабырлануучу: "Канжар Кадыралиевдин иши кайра тергөөгө жөнөтүлсө, өзүмдү өрттөйм"

Бүгүн, 27-апрелде Ак үйдүн алдына жабырлануучу Мирлан Жолдошов үй-бүлөсү менен митингге чыкты. Анын айтымында, 3 жыл мурун Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиев кафесин жана үйүн тартып алган.

"Канжар Кадыралиев менен 3 жылдан бери соттошуп келем. Ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карап жатат. Эртең жарыш сөздөр айтылып, өкүм чыкмак. Бирок Кадыралиевдин Ак үйдөгү тааныштары ишти кайра тергөөгө жөнөтүү аракетин көрүшүүдө. Иш кайра тергөөгө жөнөтүлө турган болсо кылмыштын эскирүү мөөнөтү бүтүп калат. Эгер иш кайра тергөөгө жөнөтүлсө, Ак үйдүн алдына барып өзүмдү өрттөйм. Мындан башка аргам калган жок. 3 жылдан бери балдарым менен көчөдө жашап келем", - дейт Жолдошов.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылы Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон.

Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы жарыяланган. Соттун алгачкы инстанциялары Кадыралиевди үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Жогорку Сот 2016-жылдын 27-январында айыпталуучу Канжар Кадыралиевди үй камагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
stal.ks
2017-04-27 14:35:31
акыйкат чечим чыгаргыла соттор
+13
Osh_3000
2017-04-27 14:42:43
Ошол сотторго тергоого берген акчаны Мирланга берсе болотго акыры арызын алат.
Ээ Тешип чыгат баарибир бироонун акчасы Канжар.
+12
Sultanmatievkg
2017-04-27 14:48:33
Канжар.кыпкызыл еле бандит.акыйкат чечим чыгаргыла урматтуу соттор
+20
Mers124
2017-04-27 14:51:29
Каяктагы орустун аферисти арыз жазса Текебаевди террорист камагандай камайсыңар. Кыргыздын 5 үй бүлөөсү арыз жазса ээн эркин кое бересиңер.Эч ким арыз жазбаса да Садыр Жапаровду камадыңар Адилеттүүлүк качан орнойт? Бийликке ушинтип отурса ким ишенет. Кыргыздын кыйындарын ар убак сындырып келишкен, сындыра берет. Эң өкүнүчтүүсү өзүбүздүн шакалдар сындырат.
+21
RusMos76
2017-04-27 14:56:39
Эмнеге Жапаров отурат бул жыргап эркиндикте журот давно соттош керек эле канча адамды дагы какшатып журсо керек!
+21
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-27 15:03:09
Менин бир таанышым айыл окмотко ишке чакырды иште деп кирди 2011 иштеди бир жыл кайра иштебей койду эмне болду десем окмотто жалан эле эки буттуу карышкырлар экен дейт. Озу Татар болсо да кыргыз эли учун ыйлагысы келди эмнеге кайдыгер болушат Кыргыз деп жанын берип тырмышпайт деп. Бизде татрлар Кыргызстандай эгемен элим жок дейт. Ойлонолу жок болуп кетпейли.
+8
gaibilla
2017-04-27 16:31:48
Bolunbo.kyrgyz,ошол татар менен кетчи сен
-13
aijyldyz
2017-04-27 15:11:54
Калк айтса калп айтпайт. Кадыралиевдер уй- булоосу менен кылмыш ишин козгоо керек. Атасынын устунон да арызданышкан эле. Аны деле териштирген адам жок.
+14
nurbekasr
2017-04-27 15:30:11
Ушул талтандаган Канжарды уч төрт жылдан бери соттой албай койдүңар колуңардан ХХХ келбейт экен соттор.Өткөндө эле бир эже 20 айгырым 1 бээми и еще тикосун да алып бербей жүрүптүр,жана да канчасын какшатып жүрөт жетим.Текебаевди кармадыңар Садыр экөөнү,ушул ХХХ алыңар жетбей жатабы?Ээй соттор көзүңөрдү ачсаңар боло,адилеттик деген кайда?Өрттөнүп кетесиңер го бул дүйнөдө болбосо да тиги дүйнөдө тозокто.
+8
kenjebek_a
2017-04-27 15:34:38
Озу АК уйдун деле куну кетти.Бут Арам тамактар болбосо да 80 пайызы тойбогон,кудайдан коркпогон арамдар.Баарын сонку аянтка чыгарып окумун угузуп,ошол уйундо алдырган жарандын балдарындай ыйлатып туруп анан атсан жалка Бат кутулат ортосон.Бут баарын.Ал байкуш жыргаганынан эмес уй було балдарынын алдында уйун же бизнесин кайтара албай намыстын кучунон барып жатат.Ал эми биздин Арам тамак чондордо кайдагы намыс.Намыстары болсо ошентип бир кишинин ырын ырдап олтурушат беле.Аз калды баары бутот.
+9
Ulan1981.
2017-04-27 15:56:35
Ушу Канжарга бийликтин алы жетпей койдуго.
+6
aisu12345
2017-04-27 16:11:07
Сотторубуз аяал кишидей назик экен андан коро эркек аяалдар бар
+4
shamshiev.80
2017-04-27 16:47:18
Атамбаевдин колдоочулары булар Кадыралиев Канжар,А.Юсупов,Р.Рыхунова,Абеков,Маевский,Анвар Артыков, ж.б кылмышкерлер

+14
kyalbek
2017-04-27 18:17:26
Биздин олкодо сот акыйкаты жок, соттор берген акчадан коз каранды,пулун болсо кулунмун деген заман,Балык башынан ХХХ атпайбы
+7
Abubakir05
2017-04-27 18:38:21
Ушунча адамдын каргышы бир кун тиет анда кеч болуп калат да азыртан ойлонгула жепутат чиновниктер.элдин акысын жесенер онбойсунар тешип чыксын жегенинерди.
+6
Nazikbaigazy
2017-04-27 19:50:40
Боинг 747 карапайым калкка эмес, ак уйго кулаганда арманым жок эле
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан