Канттагы мектеп окуучусунун өлүмүнө шектелип анын классташы кармалды

Кант шаарында мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-апрелде Канттагы курулуп жаткан үйлөрдүн биринде окуучунун жансыз денеси табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2001-жылы туулган өспүрүм кармалды. Ал тергөө бүткүчө жашы жете электер үчүн абакка отургузулду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 17-апрелде мектеп окуучусу классташы менен мушташып кеткен. 2 күндөн кийин курулуп жаткан үйдүн ээси жансыз денени таап, милицияга кайрылган. Тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан