Алматыда мурда психиатриялык ооруканада дарыланган жаран инспектор аялды сабап салганын Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда. Маалыматка ылайык, апрель айында Алматы шаарындагы мектептердин биринин оюн талаасында болгон окуя видеого түшүп калган.
Видеодо колуна чынжыр кармаган адам, окуучулардын биринин моюнунан кучактап "айт, мен сенин атаңмын" деп, "на колени во имя Иисуса" деген сөздү улам-улам кайталап, тегеректегендердин баарын "шайтандар" деп атаган.
Бул учурда мектеп окуучулары менен иштешкен инспектор жаранга келип, аны кепке келтирүүгө аракет жасайт. Бирок ал инспектор аялды башы менен сүзүп, чачынан кармап тепкилеген.
Казакстандын Ички иштер министрлиги мамлекеттик тил жана маалымат департаментине шилтеме берүү менен бул окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирген:
"Учурда инспекторго кол көтөргөн Ким.А.Гга карата "Бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренеси менен сотко чейинки иликтөө иштери башталды. Мурда ал психиатриялык мекемеде мажбурлоо менен дарылануудан өткөн. Учурда инспектордун саламаттыгына коркунуч жараткан белгилер жок".