ЖЫЛНААМА, 27-АПРЕЛЬ: 24 жыл мурун Замбиянын футбол боюнча курама командасы түшкөн учак кыйроого учурап, 30 киши көз жумган

Мындан 24 жыл мурун, 1993-жылы 27-апрелде Борбордук Африкадагы Габон мамлекетинин борбору Либревиль шаарына жакын жерде Замбиянын футбол боюнча курама командасы түшкөн учак кыйроого учурап, учакта болгон 30 кишинин баары (25 жүргүнчү, 5 экипаж мүчөсү) көз жумган. Футболдук команда 1994-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна карата Сенегалдын курама командасына каршы квалификациялык беттешке бара жаткан. Расмий иликтөөнүн жыйынтыгында кырсык, кыймылдаткыч күйүп кеткенде учкучтун туура эмес башкаруусунан улам келип чыккандыгы айтылган. Учак Атлантика океанына, жээктен 500 метр алыс жерге кулаган.

27-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан