Бишкекте айдоочу унаасы менен эки жөө жүргүнчүнү сүзүп алды

Бишкекте айдоочу унаасы менен эки жөө жүргүнчүнү сүзүп алды. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, кырсык бүгүн, 27-апрель күнү саат 16:20 чамасында Абдрахманов менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен эки адамды сүзүп алган. "Тез жардам" кызматы жабырлануучуларды ооруканага алып кеткен.

Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгына кайрылганыбызда, маалыматты тастыктап, тиешелүү экспертизалар дайындалганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kroxa
2017-04-27 19:21:50
Эмне бир сузгондо экиден сузуп башташты..сак бололу деги жообуз деле машинеченибиз деле..
0
aytkulova
2017-04-27 20:15:56
Биз откон пешеходтон 5 минута алдын сузуп кетти((. Скорый алып кетип атканын кордук.
0
Aizena
2017-04-27 20:41:18
Акыркы убакта ушундай окуялар коп болуп жатат го,аман эле бололу!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан