Бишкек-Токмок жолунда эки оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 15:40 чамасында аталган унаа жолдун 55-чакырымында болгон. Анда эки оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, бири жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир адам жабыркап, Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.
Азыркы тапта кырсыктын келип чыгуу себептери жана жабырлануучунун аты-жөнү такталууда.