Бишкекте 5-класстын окуучусунун өз өмүрүнө кол салуусу боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мектеп окуучусу бүгүн саат 12:00 чамасында үйүнө келип, жарым сааттан кийин 8-кабаттагы үйүнүн терезесинен секирип кеткен. Ошол учурда үйдө окуучу баланын эжеси болгон. Эжесинин айтымында, иниси үйгө маанайы жок абалда келген.
Буга чейин SUPER.KG порталына окуянын күбөсү Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 9-кабатынан мектеп окуучусу кулап кеткенин билдирген болчу.