Араван районунда аялын ур-тепкиге алган жаран соттолду

Араван районунда аялын ур-тепкиге алган жаран 1 жылга эркинен ажыратылды. Тиешелүү өкүмдү 13-апрель күнү Араван райондук соту чыгарган.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 8-февраль күнү Араван районунун Сырт айылында болгон. Анда 1982-жылы туулган А.У. аялы А. кызы Сны "эжем телефон чалса эмнеге албайсың?", "Тамак жасаганды билбейсиң" деп сабаган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жабырлануучунун баш мээси чайкалганы жана денесине жеңил жаракат келтирилгени аныкталган.

Ишти караган Араван райондук соту айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренеси (саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүү) боюнча күнөөлүү деп таап, 1 жылга эркинен ажыраткан. Соттун өкүмүнө ылайык, соттолуучу жазасын жатак абагында өтөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
omka100514
2017-04-28 09:57:23
Соттор ушинтип адилеттуу эле иштегилечи, адамдардында сообуна калып.
+2
ainur78007
2017-04-28 10:04:17
Ырас болуптур,чон муштумга бул да аз.
+3
Alibay
2017-04-28 12:48:31
Аялды менчик буюм катары санап ,каалагандай тепкилеп ,уруп жанчкандарга сабак болсун...
+3
Salman.eldar
2017-04-28 16:07:19
мен аябай кубанычтамын! коп эле жыл бербептир. кол которгон эркектерге сабак болмок.
+1
Aizena
2017-04-28 16:27:07
Алсыз эркек аялга кол которот дейт беле
+1
ayjan_90
2017-04-29 02:33:12
Мен да арыз жазмакмын бирок балам бар болбосо коп урат куйоом
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан