Өзгөндө багып алган ата-энесин кумган менен башка чаап өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Тиешелүү өкүмдү Өзгөн райондук соту 19-апрелде чыгарган. Өкүмүнө ылайык, 22 жаштагы айыпталуучу Т. уулу М. Кылмыш-жаза кодексинин 97 (адам өлтүрүү), 164 (уурдоо), 172 (автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу) беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Айта кетсек, окуя 2017-жылдын 9-январдан 10-январга караган түнү Өзгөн районунун Куршаб айылында болгон. Анда 22 жаштагы Т. уулу М. кичинесинде багып алган 63 жаштагы атасы К.Т. менен уруша кетип, аны кумган менен башка чапкан. Экөөнү ажыратмак болгон апасы А.Гны да колундагы кумган менен уруп жиберген. Экөө ошол жерден жан берген. Алардын үстүнө жууркан жаап, Баткенге качууга аракет кылган. Бирок ал ошол эле күнү Ош шаарынан кармалган.
Ал эми шектүү "атам сөгүнүп, уят сөздөрдү сүйлөп, камчы менен сабаган. Кийин "сен жетимсиң, сени баккандан көрө итти бакканым жакшы" деди. Ага да унчукпай, кечирим сурадым. Бир маалда кумган менен чабайын дегенде колунан алып, үч жолу башка чаап жибердим. Ошол учурда апам чайнекте кайнап турган ысык сууну мага чачып жиберди. Аны да кумган менен чаптым. Атам мени кичинемден бери эле сабачу. 3-4 жашымда жылаңач сыртка чыгарып койгон күндөрү да болгон" деп көрсөтмө берген.