Бишкекте окуучулар бычакташышты

Бишкекте окуучуга бычак сайып качып кеткен өспүрүм кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы маалымдайт.

Анда белгилүү болгондой, 27-апрелде 13:30дар чамасында Бишкектеги №91-лицейдин окуучулары менен башка мектептин окуучуларынын ортосунда жаңжал чыгып, жыйынтыгында бир окуучу бычактан жаракат алып ооруканга түшкөн. Бычак сайган окуучу окуя болгон жерден из жашырып кетип, кийинчерээк Ленин РИИБинин кызматкерлери шектүүнү колго түшүрүшкөн.

"Учурда кылмышка шектүү 2000-жылы туулган М.С аттуу Бишкектин тургуну убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул факт боюнча Кылмыш жана Жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Alibay
2017-04-28 12:46:45
Кундо бычакташуу,кундо адам олуму менен эле жанылыктар толуп калды го...Эхх
+2
Medina87
2017-04-28 15:46:23
Alibay,
Анан, ошол кылмышкерлердин сотто канча моонотко жаза алгандар.
М; Бугун тан эртенден кылмышкерлердин жаза мооноту тууралуу маалыматтарды окудум жеке озум. Кундо тан эртен жумушка кетип бара жатып автобуста жанылыктардан кабврдар болом. А кечкисин жумуштан кийин дагы да ошол корунуш.
Негизи; Кылмыштар тууралуу жазышпаса да болот тем более тактала элек кылмыштар тууралуу.
Ушак уккандай эле болосун.
-3
salimbek87.kg
2017-04-28 13:31:24
Заманга шилтейбиз барыбыз заман жайында турат адамдар бузулган.
+4
RusMos76
2017-04-28 14:21:44
баарыбыз эле мушташып чонойсок керек,бирок бычак колдонуу эркекче болбой калат.
+4
Kroxa
2017-04-28 14:37:44
Азыркылардын нерви жука.бир нерсе дей электе агресивный,заман эмес адамдар бузулду бешиктен бели чыга элек балдар бычакташат деген эмне??
+4
doping
2017-04-28 15:27:52
Тынч эле журушсо
+3
pero123
2017-04-28 15:39:10
мектеп окуучулары өзү малдан айырмасы жок.өздөрүнчө эле чоңоюп чоң киши болуп кадаалы мафия боло калышат күйдүргүлөт.дедавшинасына балээ барбы дагын.кысыыып окуй бер сабагыңды "саяк жүрсөң так жейсиң","көп бассаң бок басасың" дейт.зордон зор чыкканда зор кысчу жерин кысат да жакшы мээсин чачырата атбаптыр.
+3
baltabai
2017-04-28 17:29:12
Zamanybyz tych bolsunchu
+1
HanTegin
2017-04-29 13:08:29
Бул жерде кылмышкер качып кетип, милициялар кармап келди деп жазылып журот. Чындыгында бычактаган балдарды жаракат алган баланын класс жетекчиси кармап, лицейдин директоруна жеткирген. Ачык эшиктер кунун откоргондон кийин лицейдин мугалимдер жамааты башка мектептин коопсуздугун сакташ керек болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан