Бүгүн, 28-апрелде саат 11:00дөр чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Тескей Ала-Тоодо болгон. Жер титирөөнүн күчү Көк-Сай, Тогуз-Булак, Темир-Канат айылдарында 4 балл, Коңур-Өлөң, Комсомол, Туура-Сууда - 3,5 балл, Кажы-Сайда – 3 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан кыйроолор жана жабыркагандар жок.