Алай районунда суунун жээгин бекемдеп жаткан жаран токко урунуп каза болду

Алай районунда суунун жээгин бекемдеп жаткан жаран токко урунуп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди.

Анын айтымында, окуя 22-апрель күнү аталган райондун Тогуз-Булак айылында болгон. Анда суунун жээгин бекемдеп жаткан жаранды ток уруп, ал ошол жерден каза болгон.

"Крандын көтөргүчү электр зымына тийип калган. Мындан улам ток уруп, 23 жаштагы Кыялбек Кадырбаев каза тапкан", - дейт тургун.

Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы тастыктап, маркумдун жакындары арыз жазуудан баш тартканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baltabai
2017-04-28 17:15:28
Kdai saktasyn
0
MuslimKGstana
2017-04-28 17:56:51
Зам акимдер жанында журушкон анан устудогу высоковольтный столбадагы токту очурушкон эмес,бул иш чара акимдин буйругу менен болуп ушул акыбал болуп отурат,олгондон кийин портерге салып больницага кайра эч нерсе болбогондой иштерин улантышкан/Апасына акча беребиз деп алдады да,тим более жалгыз уулу жакыр уй-булоодон болчу экен/Мыйзам чегинде жооп беришсин ушул иш чараны уюштурган адамдар и мыйзам чегинде компенсация толоп берсин?
Супер инфо козомолго алып,суроо берчу адамдарга суроо узатын
+10
Ykybalym
2017-04-29 03:21:36
Супер инфо иликтеп чыгыныздар акырына чейин жалгыз уул болсо кайран апа сыздайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан