Бишкекти айланып өткөн жолдо болгон кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн түштөн кийин Сокулук-Кант унаа жолунун 12-чакырымында болгон. Анда жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн.
"Кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркап, "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.
Буга чейин окурман SUPER.KG порталына кайрылып, Бишкекти айланып өтүүчү жолдо жол кырсыгы болгонун кабарлаган болчу.