АКШнын Техас штатындагы чыгыш райондорунда 30-апрелге караган түнү болуп өткөн торнадо кеминде 5 адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жаратылыш кырсыгынан Кантон шаары да жабыр тарткан. 50дөй адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Каза болгондор тууралуу маалыматты аталган шаардын өрт өчүрүү кызматынын капитаны Брайан Хортон тараткан. Анын айтымында, көпчүлүк жергиликтүү тургундардын кайда экендигин аныктоо дале мүмкүн эмес болууда. Ошондой эле кырсыктын кесепетинен бир кампа да жабыркап, андагы белгисиз химикаттар агып кеткен.
Техас штаты "торнадо аллеясы" деген аймакта жайгашкан. Андыктан штат көбүнчө күчтүү шамалдарга, жаратылыш кырсыктарына кабылат.