Түркияда ирандык оппозициялык телеканалдын негиздөөчүсү атылып өлтүрүлдү

Түркиянын Стамбул шаарында Gem TV аттуу ирандык оппозициялык телеканалдын негиздөөчүсү Саид Карамиан атылып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Саид Карамиан телеканалы аркылуу батыштын баалуулуктарын үгүттөгөн. Анын автоунаасын 29-апрелде кечинде белгисиз адамдар аткылашкан. Унаанын ичинде Карамиан жана анын өнөктөшү болуп, экөө тең каза тапкан. Полиция кылмышкерлерди изи сууй электе кармай алган эмес.

"Карамиан Иранда куугунтукталганына байланыштуу Стамбулга көчүп келген. Акыркы убактарда ага белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болгон. Буга байланыштуу ал Лондонго көчүп кетүүнү пландап жаткан", - деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан