Пакистанда автобус капчыгайга кулап, 11 адам каза болду

Пакистандын түндүк-батышында кечээ, 30-апрелде жүргүнчү ташуучу автобус капчыгайга кулап, кырсыктын кесепетинен 11 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Жогорку Дир районунда болгон. 10 адам окуя болгон жерден, бирөө ооруканадан каза болгон. Көз жумгандардын арасында 3 кичинекей балдар болгон. Жергиликтүү полиция 9 адам жаракат алганын, жамгырдан кийин жол тайгак болгондуктан кырсык болгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан